Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 5 мая 2024 | 152 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда «Бул күн баарыбызды мыйзам ченемдерин урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик коюуга, өз укуктарыбызды коргой билүүгө, ошону менен бирге ар бирибиздин коомчулук алдындагы өз милдеттерибизди сезүүгө үндөп, келечек муун алдында биздин зор жоопкерчилигибиз бар экенин эскертип турат»,- деп айтылат.

Ошондой эле Баш мыйзамдын укуктук маңызы гана эмес, руханий жана маданий мааниси да бийиктигин, коомчулуктун келечек мүдөөсү менен дүйнө таанымын чагылдырып, өлкөнүн өнүгүү багытын аныктоочу пайдубал катары кызмат кылаарын кошумчалаган.

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 31 жыл толду.

Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Башмыйзамдын соңку редакциясы 2021-жылы 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM