Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Азербайжанга мектеп куруп берет

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 171 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 25-апрелде бул өлкөнүн Хыдырлы айылында курула турган мектептин пайдубалына капсула салышты.

Мектеп Азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары куруларын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эки кабаттуу мектепте 22 окуу бөлмөсү болот. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык бөлмөлөрү болот.

Мектептин аймагында спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.

Азербайжандын Баку шаарында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы да болуп, ага бул өлкөдө мамлекеттик сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышты.

Эстелик Баку шаарынын Азадлык — борбордук көчөлөрүнүн бириндеги паркка орнотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM