Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы 2021-2027-жылдарга программа талкууланды

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 368 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 9-декабрда Брюссель шаарында Европа Бирлигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жаңы Жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен  жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин Маалымат департаменти билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын, өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерин, ошондой эле 2021-2027-жылдарга Көп жылдык индикативдик программаны талкуулашты.

Жогорку өкүл өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашырууда Кыргызстанга ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясын жана Тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Жолугушууда ошондой эле, Европа Бирлигинин Борбордук Азия биринчи Экономикалык форумун даярдоо жана өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

Copyright © 2017 Maral FM