Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандыкта коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 1012 | 0

Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдөгү айрым кыргыз жарандары оорудан айыккан.

«Чет өлкөдө коронавирусту жуктурган кыргыз жарандарынын саны 23. Бириккен Араб Эмирлигинде үчөө илдетти жуктурган, бирок бирөө айыккан. Пакистанда 7, Индияда 1, АКШда 8 жаран, Малайзияда 4 студент, алардын бирөө айыгып, ооруканадан чыгарылган, үчөө да айыкты, жакында ооруканадан чыгарылат», — деди Ниязалиев.

Ниязалиев белгилегендей, Казакстанда коронавирус жуктуруп алган кыргыз жарандары 6-апрелде өлкөгө алынып келинген жана обсервацияга жаткырылган. Ошондой эле Кыргызстанга 6-апрелде келген 17 жарандын ичинен 7 адамда коронавирус аныкталды.

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 280ге жетет. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, 4 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM