Биз менен байланышыңыз

ТИМ Калифорнияда круиздик кемеде жүргөн эки кыргызстандык боюнча үн катты

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 571 | 0

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган Grand Princess круиздик кемесиндеги эки кыргызстандык менен тыгыз байланышта. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

13-мартында Кыргызстандын эки жараны карантинди андан ары улантуу үчүн АКШнын Жорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлдү.

Бир нече жолу алынган тесттердин натыйжасында, карантиндик борбордун медициналык кызматкерлери Кыргызстандын жарандарында коронавирус оорусу жок экендигин ырастады.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын эки жараны 14 күндүк карантинден өткөндөн кийин үйлөрүнө кетүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Copyright © 2017 Maral FM