Биз менен байланышыңыз

Президент темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 592 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда, өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеге тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбеков, транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Жанат Бейшенов жана «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын башкы директору Василий Дашков катышты.

Кеңешмеде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулуш долбоору талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт секторундагы эң ири жана стратегиялык долбоорлордун бири «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун баштоо болуп саналарын белгиледи.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын башкы директору Василий Дашков билдиргендей, Кыргызстан менен Казакстандын темир жолунун маалыматтык системаларынын ортосунда электрондук өз ара алмашуу уюштурулганын жана коштомо кагазды түзүү боюнча программалык камсыз кылуу иштелип чыккан.

Мындан сырткары, «Түндүк» системасы аркылуу реалдуу убакытта ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн жүктөрдүн келиши жөнүндө салык органдарына маалымдоо мехнизми киргизилди, ошондой эле сайт жана төлөм тутумдары аркылуу темир жол кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгү жаралды.

Copyright © 2017 Maral FM