Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети күч түзүмдөрүнүн Инандыны издөө аракетин жетишсиз деп тапты

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 1049 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кечээ, 7-июндагы жыйынында Орхан Инандынын уурдалышы боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту.

Комитет Кыргызстандын жараны, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы тууралуу күч түзүмдөрүнүн маалыматы н уккандан кийин, бир канча бөлүктөн турган чечим кабыл алды.

Анда Орхан Инандыны ыкчам издөө боюнча күч түзүмдөрүнүн иши жетишсиз деп табылды.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигине Түркиянын массалык маалымат каражаттарына чыгып жаткан туура эмес маалыматтарды четке кагуу боюнча иш алып баруу тапшырылды.

Мындан сырткары издөө иштерине Чек ара кызматынын күчөтүлгөн тартипте көмөктөшүүсү белгиленди.

Бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында кароодо баяндамачы болуп Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, тең баяндамачы болуп Ички иштер министри дайындалды.

 

«Сапаттын» негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM