Биз менен байланышыңыз

«Улан-Батор-Бишкек» каттамын ачуу, Кыргыз-монгол кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 616 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында Монголиянын Тышкы иштер министри Дамдин Цогтбаатар менен жолушушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Министрлер 2020-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын календарын, анын ичинде, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштарды талкуулашты.

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу күн тартибин карап чыгышты.

Монголиянын Президенти Х.Баттулганын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-отурумунун жыйынтыктары боюнча пикир алмашышты.

Монгол тарап улуттук авиакомпаниялардын биринин Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор багыты боюнча түз каттам жасоого ниеттенип жаткандыгын маалымдады.

Дамдин Цогтбаатар Айдарбековду Монголияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM