Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Монголиянын президенттери жолугушту

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 530 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарында дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмты билдирди.

Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурелсухту Монголиянын президенттигине шайланышы жана кызматка киришүүсү менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги иш сапарлар жөнүндө сүйлөшүштү.

Copyright © 2017 Maral FM