Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк соода жүгүртүүсүн 1 млрд долларга чейин жеткирүү күчөтүлөт

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 479 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин VII жыйынына катышуунун алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайып Эрдогандын 2018-жылы Кыргызстанга болгон расмий визитинен кийин өлкөлөрдүн мамилеси жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы түрдүү деңгээлдеги диалогу активдешкенин канааттануу менен белгиледи.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сооронбай Жээнбековду Түрк Кеңешиндеги ийгиликтүү төрагалыгы менен куттуктады.

Тараптар дагы бир жолу биргелешкен күн тартибинин артыкчылыктуу багыттары боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө, буга чейин макулдашылгандай Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд долларга чейин жеткирүү боюнча жумушту күчөтүүгө даяр экенин белгилешти.

 

Copyright © 2017 Maral FM