Биз менен байланышыңыз

Боронов түрк ишкерлерин инвестициялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырды

Кыска кабар | 24 Ноя 2019 | 465 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынынын алкагында өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумунда  республикабыздын инвестициялык потециалына токтолуп, түрк ишкерлерин биргелешкен инвестициялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Түрк бизнесмендерине «Кыргыз Республикасынын инвестициялык картасы» маалыматтык тутуму сунушталды. Анда республиканын облустарынын жана райондорунун экономикалык көрсөткүчтөрү камтылып, инвестициялык долбоорлор жана инфраструктура объекттери жана жаратылыш ресурстары менен жер тилкелери көрсөтүлгөн.

Форумдун жүрүшүндө эки жактуу ишкердик жолугушуулар өтүп, анын катышуучулары гидроэнергетика, технопарктарды куруу, айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай товарларын экспорттоо, башкаруунун жаңы ыкмаларын жана өндүрүштүк технологияларды киргизүү, потенциалдуу инвесторлорду издөө, инвестицияларды тартуу жана кооперацияларды өнүктүрүү сыяктуу ар кыл багыттарда кызматташууну талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган кызматташуу тууралуу 6 Меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары эки өлкөнүн 350 өкүлү катышкан форумдун алкагында Кыргызстанда иштеген 33 түрк компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек үстөл өттү.

Түрк компанияларына бизнес үчүн түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берилип, бул тармактагы актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү пикир алмашылды.

Түрк ишкерлери Кыргызстандагы инвестициялык климатты оңдуу мүнөздөшүп, аны менен бирге бизнес жүргүзүүдө орун алган тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM