Биз менен байланышыңыз

«Үй бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алгандардын саны кыскарууда. Жакырчылыктын саны азайдыбы? 

Коом | 8 мая 2024 | 568 | 0

Ушул жылдын 1-майына карата «үй-бүлөгө көмөк»  жөлөкпулун алгандардын саны кыскарды. Бул тууралуу расмий маалыматтарда айтылат.  Экономисттердин пикиринде, бул көрсөткүч эл жакырчылыктан чыгып, жөлөкпулга муктаждык болбой калганын билдирбейт. Жөлөкпул алгандардын саны азайганы менен Кыргызстан экономикасы боюнча коңшу Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн артта.

Нуриза Каныбек кызы «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алууга аракет кылып, бирок керектеле турган документтердин тизмеси көп болгонгондуктан ала албай калган.

«Мен такыр эле ала албай койдум. 3 балам бар. Саны жок  документтерди талап кылат экен. Текшергени келгенде үйүңдө муздаткыч, кир жуугучуң бар экен деп айта беришет. Алардын балага кандай тиешеси бар».

2024-жылдын 1- майына карата  «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандардын саны 278, 8 миң баланы түзөт. Былтыркы жылга салыштырмалуу 44 миң балага азайган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жаныгүл Мелисбек кызы жөлөкпул алуучулардын азайышын айлык маяна жогорулап, социалдык келишимдердин ийгиликтүү ишке ашып жатканы менен байланыштырат.

«Жөлөкпул алгандар менен алгач социалдык келишим түзүлөт. Анда жарандар өздөрүнүн бизнес планын сунуштайт. Алардын көздөгөнү ийгиликтүү ишке ашып, айлык маянанын көбөйүшүнүн натыйжасында жөлөкпул алгандардын саны азайып жатат. «Үйбүлөгө көмөк» жөлөкпулу жумушка жарамдуу жарандардын  айлык маянасы, аларга катталган мүлктөр, жер үлүштөрүн иштетүү, аларды ижарага берүү, мал жандыктарын карап чыгып, жалпы кирешеси эсептелет. Санай келгенде  үй бүлө мүчөлөрүнө 1000сомдон  ашпай турган болсо, анда аз камсыз болгон үй-бүлө катары,  өкмөттөн убактылуу пасивдүү жардам катары бир жылга  жөлөкпул берилет. Бир адамга орточо эсеп менен аймакка жараша 1392 сомдон берилет».

Экономист Төлөнбек Абдыров «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандардын саны кыскарганы менен эл жакырчылыктан чыгып, жөлөкпулга муктаждык калган жок деген ойдон алыс.

«Башында жөлөкпулду алып, ишкердигин кылып кеткендер болду. Бирок, көзүн таба албай жакшы пландабай күйүп калгандар да болду. Башында эл өкмөт берет дегенде баары ала беришкен. Анын да, жоопкерчилиги бар экенин түшүнгөндө албай калышты. Ошон үчүн жөлөкпул алгандардын саны көп болгон. Азыр жөлөкпул алуучулар да, тажырыйбалуу болуп жакшы-жаман жагын байкап калгандыктан алуучулардын саны азайып жатат. Эл өнүгүп ал каражатттарга муктаждык азайды деген ойго такыр кошулбайм. Ал акчага муктаж болгондор да көп. Өкмөт берген акчасын талдап, тажрыйба топтоду».

Дүйнөлүк каржы журналы (Global finance) дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Анда ИДПнын жалпы көлөмү гана эмес, ошондой эле өлкөнүн экономикалык абалы, инфляциянын деңгээли да эске алынган.

Эсептөөлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан 190 өлкөнүн ичинен 143-орунду ээлейт. Кыргызстандын ИДПсы 6,8 миң долларды түзөт.

Жакырчылык индексинде Кыргызстан,  жакынкы Казакстан, (68-орун) Түркмөнстан (90-орун) Өзбекстан (124-орун) өлкөлөрүнөн артта калып, 148-орунда жайгашкан Тажикстан менен бирдей деген маалымат чыккан.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM