Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясы кызматташуу боюнча иш-аракеттер планына кол койду

Кыска кабар | 24 Ноя 2019 | 475 | 0

Түркиянын Анкара шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк комиссиясынын тең төрагалары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Түркия вице-президенти Фуат Октай дайындалган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Комиссиянын жыйынынын Протоколуна жана Экономикалык кызматташуу боюнча иш-аракеттердин планына кол коюлду. Ал соода, саламаттык сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүгө багытталган 76 пункттан турат.

Кошумча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанда бажы өткөрмө жайларын модернизациялоо, ДНКнын толук геномдук анализи, ошондой эле трансплантология үчүн зарыл болгон HLA, Cross Match жана PRA ткандык шайкеш келүүсү боюнча лаборатория ачуу боюнча маанилүү пункттар киргизилген.

Тараптар 2020-жылдын жайында Ысык-Көлдүн жээгинде чоң кыргыз-түрк бизнес-форумун уюштуруу планын белгилешти.

Иш-чаранын соңунда кабыл алынган чечимдерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында кол коюлган иш-аракеттердин планын аткаруунун жүрүшү тууралуу квартал сайын маалымат алмашуу макулдашылды.

Copyright © 2017 Maral FM