Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон окуя катталды

Кыска кабар | 7 мая 2024 | 255 | 0

Бүгүн, 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алды. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматы билдирди. 

«Болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын жарандарын – малчыларды байкаган. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 250-300 метрдей аралыкта  Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүрүшкөн.

Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачылардын талабын Тажикстандын жарандары көңүлгө албай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызсандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган» — деп айтылат маалыматта.

Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.  Кыргыз чек арачылары арасында жаракат алгандар болгон жок.

Такталбаган маалыматтарга караганда Тажикстандын бир жараны бутуна жаракат алган. Бирок Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөттү гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз. 

Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болоору күтүлүүдө.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкеснидеги жагдай туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM