Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылында жер көчкү активдеше баштагандыгына байланыштуу, кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүнүп, коопсуз аймакка чыгарылууда.
Жалал-Абад облусунун аймагында 1020 кооптуу аймакта 1067 үй-бүлө жашайт. Жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилет.
6-майда Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түшүп, бир үй-бүлө көчүрүлгөн.
Жер көчкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 см жаракалар бар экени аныкталып, жергиликтүү тургундарга эскертүү берилген.