Биз менен байланышыңыз

Министрлик ЖМКларга улут аралык кастыкты козутуу боюнча жоопкерчиликти эскертти

Кыска кабар | 18 мая 2024 | 241 | 0

Маданият, маалымат, туризм, жаштар саясаты жана спорт министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жасады. Анда «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренеси зомбулукту, ырайымсыздыкты, улуттук жана диний сабырсыздыкты пропагандалоого тыюу саларын эскертип, ЖМКларды өлкөдөгү кырдаалды чагылдырууда этият болууга чакырды.

«Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын 17-18-майындагы Бишкектеги кыргызстандык жана чет өлкөлүк студенттердин ортосундагы массалык баш аламандыкка байланыштуу айрым басылмаларда жана видеоматериалдарда такталбаган маалыматтардын таралышы байкалууда. Буга жол берилбеш керек, бул ЖМК жетекчиликке алууга тийиш болгон объективдүүлүк жана аныктык принциптерине каршы келет», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик ЖМКларды мыйзамдык талаптарды так аткарууга чакырган. Эгерде аткарылбаса, тиешелүү жоопкерчилик чаралары көрүлөрүн эскерткен.

Бул жагдайды чагылдырууда туура түшүнүүнү жана жоопкерчиликтүү мамиле жасооңуздардан үмүттөнөбүз, — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM