Биз менен байланышыңыз

Пакистандын тышкы иштер министри бүгүн Бишкекке келет

Кыска кабар | 19 мая 2024 | 437 | 0

Бүгүн, 19-майда Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар Бишкекке келет. Бул тууралуу пакистандык жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматта айтылгандай, тышкы иштер министрин Кашмир иштери боюнча министри Амир Мукам да кошо келери белгилүү болду.

Мындай чечимди Пакистандын өкмөт башчысы Шехбаз Шариф кабыл алган. Ал Кыргызстанга келе турган делегацияга Бишкектеги пакистандык студенттердин жагдайынан жеринен барып таанышууга тапшырма берген.

Пакистандан келген министрлердин Бишкекте кыргыз бийлиги менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 17-майдан 18-майга караган түнү пакистандык студенттер жашаган жатаканага кол салуу болуп, анда 30га жакын чет өлкөлүк студент жабыркаган. Учурда 14 адам дарыланууда. Ал эми кечээ, 18-майда окуядан жабыркаган 140 студент жана 40 чакты эмгек мигранты атайын рейс менен Пакистанга учуп кеткен. Учак Лахор шаарына барып конгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM