Биз менен байланышыңыз

Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү күнүн жакында айтат

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 380 | 0

Кыргызстан менен Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча макулдашууга даяр. Бул маалымат Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу менен болгон жолугушуусунда айтылганын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушууда тараптар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Макулдашууга кол коюуга даяр экенин белгилешти. Министр Касапоглу жакын арада IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү убактысы жана жери боюнча так маалымат айтыла турганын белгилейт.

Кубанычбек Өмүралиев жана Мехмет Касапоглу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы спорт тармагында өз ара кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM