7-майда Орусияныны президенти Владимир Путин бешинчи жолу расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Анын инаугурациясы Кремлде болду. Ага айрым чет өлкөнүн Орусиядагы өкүлдөрү жана мамлекеттик, коомдук жана маданий кызматкерлер катышкан. Орусиялык ири басылмалар жана саясат талдоочулар Путин өкмөттүн курамы өзгөрүүсү анын ичинде өкмөт башчы да алмашуусу мүмкүндүгүн жазышууда. Өкмөт башчылыкка бир канча кишинин аты аталууда. Орусиянын мындан аркы тышкы саясаты кандай болот? Эгер Өкмөт башчы алмашса Орто Азияга жана Кыргызстанга кандай таасирин берет?
Бүгүн, 7-майда бешинчи мөөнөткө президенттик кызматка киришип жаткан Владимир Путиндин инаугурациясы болду. Андан соң Орусиянын өкмөтү да мыйзамга ылайык толук курамы менен отставкага кетти.
Орусияда мамлекет башчысы каза болгон учурда же кызматтан кеткенде анын ордуна премьер-министр президенттин милдетин аткарат.
Азыркы учурда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин. Ал 2020-жылдын январь айында кызматка киришкен.
Михаил Мишустин Өкмөт башчылык кызматка чейин салык департаментин жетектеген.
Ким премьер-министр болушу мүмкүн делген айрым аткаминерлердин ысымдары айтыла баштады.
Алардын бири Орусиядагы таасирдүү адамдардын бири 73 жаштагы Николай Патрушев. Ал тышкы саясат боюнча маанилүү билдирүүлөрдү жасап келет. Ал Орусия менен Ураинананын ортосундагы согуш башталгандан бери анын таасири күчөгөнүн айтылууда.
Премьер-министрликке талапкер деп эсептелген дагы бир чиновник — Сергей Кириенко. Ал Орусиянын бардык ички саясаты үчүн жооптуу Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп саналат. Акыркы президенттик шайлоого да жооптуу болгон.
Ал 1998-жылы төрт ай гана премьер-минстрлик кызматты аркалаган. Ал ошол кезде тышкы карызды төлөй албагандыктан кызматтан кеткени маалым.
Путин анын уулу Борис Ковальчукту март айынын ортосунда Президенттин Администрациясынын көзөмөл бөлүмүнүн башчысынын орун басары кылып дайындаган. Владимир Путин дал ушул кызмат менен өзүнүн саясий карьерасын баштаган.
Эгер Орусиянын премьер-министри алмашса Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет?
Саясат талдоочу Алмаз Тажибайдын айтымында, Орусия авторитардык режимдеги өлкө болгондуктан, мамлекет башчы эмне десе министрлер да ошол чечимди кабыл алат.
«Авторитардык режимде бир эле киши чечет. Путинди Батыш Европа өлкөлөрү жана башка мамлекеттер президент катары кабыл алган жок. Өкмөттүн курамын өзгөрүүсү президенттен көз каранды болот. Ал элдин өкмөткө карата болгон мамилесиненен көз каранды.
Борбор Азияга болгон мамилеси өзгөрбөйт мамлекет башчы кандай десе, министрлер ошонун буйругу менен иш алып барат».
Дагы бир саясат талдоочу Бакыт Жумагуловдун пикиринде да Орусиянын өкмот башчысынын алмашуусу Орусиянын Орто Азияга жана Кыргызстанга болгон саясий мамилесине таасирин тийгизбейт.
«Орусияда Советтер союзу урагандан бери постимпериялык саясатта жүрүүдө. Дүйнөдө өзгөрүү просси жүрүүдө, бирок Борбор Азияга анын ичинде Кыргызстанга буга чейин кабыл алынган чечимдердин алкагында эле болот. Ооба, ичара кандайдыр бир өзгөрүүөр болуусу мүмкүн. Мунун баары дүйнөдөгү гео саясий аспектилерине байланыштуу болот. Орусиянын өкмөт башчысына кайсы багытта иштеген адам келсе Путин ошол багытты күчтөндүрүү аракети жүрүп жаткандан кабар берет. Мисалы, эконамистти алып келсе экономиканы күчөтүү аракети көрүлүп жатканынан кабар беререт, эгер аскерий жактан бирөө келе турган болсо Украинага болгон аракеттен кабар берет».
Америка жана Европа баш болгон айрым мамлекеттер Путинди президент катары тааныбай тургандыгын билдиришкен. Алар Орусиянын Украинага кол салуусуна Владимир Путинди айтыптап келишет.
2020-жылы Орусияда кабыл алынган мыйзамга ылайык Конституцияга өзгөртүү киргизилип, Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келе жаткан Путинге президенттик шайлоого дагы эки жолу катышып, 2036-жылга чейин бийликте калууга жол ачылган.