Биз менен байланышыңыз

Төрт айда салык төлөмдөрү 15 млрд сомго өстү

Кыска кабар | 8 мая 2024 | 263 | 0

Кыргызстанда быйыл төрт айда салык төлөмдөрү 15 млрд сомго өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы 8-майда кабарлады.

Мекеме январдан апрель айына чейинки убакытта 88,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 3,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылганы айтылды.

2023-жылдын төрт айына салыштырмалуу жыйымдардын көрсөткүчтөрү 15 млрд 61,5 млн сомго көбөйгөн.

Анын ичинде 64 млрд 801,3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналган. 2023-жылдын 4 айына салыштырмалуу жыйымдар 11 млрд сомго көбөйгөн.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 23 млрд 774,4 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,07 млрд сомго көп.

Апрель айында 23 млрд 61,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналып, план 970,7 млн сомго ашык аткарылды.

Copyright © 2017 Maral FM