Биз менен байланышыңыз

Бүгүн радио жана байланыш күнү. Маалымат алуу булагы алмаштыбы?

Коом | 7 мая 2024 | 442 | 0

Бүгүн, 7-май – радио жана байланыш күнү. XX кылымда маалымат каражаттарынын ичинен радио өзгөчө орунду ээлеп келсе, XXI кылымда интернеттин, заманбап технологиялардын өнүгүшү менен бул каражат өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бараткан сыяктуу. Мындай нукта, радионун келечеги кандай болуп калышы мүмкүн? 

1895-жылдын 7-майында Орусия физиктер жана химиктер коомунун жыйынында Александр Попов баяндама жасап, радио байланыш боюнча жар салган. Ошондой эле көптөгөн окумуштуулардын алдында радиону иштетип, сындан өткөргөн. Дал ушул күндөн тарта 7-май радио жана байланыш күнү катары белгиленип келет. Ал эми Кыргызстанга эң биринчи радиоуктуруу 1931-жылы обого чыккан.

Медиаэксперт Кубан Абдымен бүгүнкү күндө интернеттин мезгили күч алып, элдин көңүлү ошол жакка бурулуп жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда ал радионун да таасири күчөп, замандын талабына ылайыкташып, ишин улантып келерин айтат.

«Чындыгында азыркы заманда интернеттин мезгили аябай күч алып, окурмандар, көрөрмандар, угармандардын баары ошол жакка бурулуп жаткан учуру. Интернет менен кошо социалдык тармактар да күчөп баратат. Бир эле радио эмес, телевидениенин да актуалдуулугу азайып баратканы чоң маселе болуп жатканы талашсыз. Азыркы заманды маалымат кылымы деп айтып жатабыз. Аны менен кошо технологиялардын өнүгүшүнүн заманы болуп жатат. Радионун азыркы учурдагы орду азайып эмес, күчөп жатат десек болот. Мисалы азыркы күндө өлкөдө ар бир үй-бүлөдө бирден же экиден ашык машина бар. Ар бир унаанын ичинде радио орноштурулган».

АКШнын Эл аралык республикалык институту — IRI уюму жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 81 пайызы саясий маалыматтарды интернеттен, 48 пайызы теледен, 30 пайызы тууган, досторунан, 6 пайызы радиодон, 6 пайызы кесиптештеринен, 5 пайызы гезиттерден алаарын айтышкан.

IRI уюму өткөн жылы 5-майдан 25-майга чейин бетме-бет маектешүү жолу менен сурамжылоо жүргүзгөн. Ага Кыргызстандагы 18 жаштан жогору курактагы 1500гө жакын адам катышкан.

«Кайсы радионун саясий жаңылыктарына жана маалыматтарына көбүрөөк ишенесиңер?» деген суроого сурамжылоого катышкандардын 2 пайызы «Азаттык» радиосун айткан. Андан кийинки орундарда «Кыргызстан обондору», «Эл ФМ», «Биринчи радио», «Марал ФМ», «Санжыра» радиолору бар.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков радио – бул салттуу медиалардын чоң тармагы экенин белгиледи.

Ал радио тармагы таптакыр жок болуп кетет, актуалдуулугун жоготот деген пикирден алыс.

Бүгүнкү күндө ММКларды мүмкүн болушунча замандын талабына жараша иштетүү керектигин кошумчалады.

«Радио – бул салттык медиалардын чоң тармагы. Албетте, бүгүнкү күндө көпчүлүк медиалар видео түрүнө көбүрөөк басым кылат. Кийинки учурларда ар бир аудитория өзүнүн муктаждыгына, табитине жараша тематиканы жана платформаны издейт. Радио эскирип калат, жок болуп кетет деген ойдон алысмын. Албетте, биринчи орунда эмес. Деги эле ММКлар мүмкүн болушунча жеңил, ыңгайлуу жагына ооп баратат».

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Digital Kyrgyzstan эл аралык форумунда кыргыз тилиндеги жасалма интеллектти окутуу үчүн бюджеттин эсебинен суперкомпьютер сатылып алынганын, бул кыргыз тилин таануу жана синтездөө боюнча алгачкы кадамдарды жасоого мүмкүндүк бергенин билдирген.

Ошондой эле ал мамлекеттик радио каналдарда санариптик диктор жаңылыктарды кыргыз тилинде окуп жатканын айткан.

«Азаттык» радиосунун журналисти Санжар Эралиев учурда медианын өнүгүшү менен салттуу журналистика өзгөрүүгө дуушар болуп жатканын белгиледи.

Айтуусунда, медианын өнүгүшү менен радионун актуалдуулугу азыркы мультмедиа доорунда артка кетүүдө.

«Негизи медианын өнүгүшү менен социалдык түйүндөрдүн, жарандык журналистиканын өнүгүшү, салттуу журналистика бир аз өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Анын фонунда радионун чынында актуалдуулугу азыркы мультмедиа доорунда артка кетип баратат. Биз муну моюнга ала билишибиз керек. Радиону биротоло журналистикадан, маалымат айдыңынан сүрүп чыгарып кое албайбыз. Ошондуктан заманга жараша ыңгайлаша билүү керек. Учурда аны өлкөдөгү бардык радиолор жасап жатат».

Буга чейин Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов радио жыштыктарды көбөйтүү маселесин көтөргөн.

Депутат автоунаада жүргөндөр радио угарын, айрыкча аймактарда радио жыштыктарды көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Шайлоочулары да муну суранышарын айтты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 50гө жакын радиостанция катталган. Ал эми дүйнө жүзүндө 44 миң радиостанция иш алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM