Биз менен байланышыңыз

КМТУ ректору: техникалык жана инженердик билим берүү арзан болбошу керек

Блог , Кыска кабар , Пикирлер | 8 мая 2024 | 1021 | 0

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев «Маралдын» түз эфиринде жогорку окуу жайлардагы реформалар тууралуу маек куруп берди.

-Университеттерге өзгөчө макам берүү стратегиясы кандай иштеп жатат?

-Жалпысынан беш университетке өзгөчө макам берилген. Ошондуктан окуу программаларды, окуу системаларын өздөрү киргизет. Азыр эл аралык программаларды киргизип жатабыз.

Стратегиялык программа жети кадамдан турат. Алардын негизгилери төмөндөгүлөр:

  1. Сапаттуу билим. Бардык окуу программаларды карап чыгып, кыскарта турган жерлерди кыскартып чыгабыз. Себеби азыр технологиялар бат-баттан өзгөрүп жатат. Ошондуктан биздин программалар дагы ошол талаптарга жооп бериш керек.
  2. Илим жана инновация. Бул боюнча бизде илим изилдөө борборлор түзүлүшү керек. Азыр Скопус базасына катталдык. Биздин макалаларды Скопуска кирген журналдарга киргизип жатабыз. Мисалы, 2022-жылы 40 макала, 2023-жылы 80 макала чыккан. 2024-жылга 160 макаланы чыгарууну пландап жатабыз.
  3. Англис тили. Бул тилди мугалимдерге кошумча үйрөтүп, алардын деңгээлине жараша айлык маяна да бөлүп берилет. Андан тышкары, окуу программаларын дагы англис тилинде койдук. Студенттер дагы кошумча англис тилин тандап окуса болот.

Алдыда программада дүйнөдөгү 1000 мыкты университеттин катарына кирүү, тажрыйбалуу профессорлорду ишке чакыруу жана чет элдик студенттердин санын көбөйтүү. Бүгүнкү күндө 1000ден ашык чет элдик студент билим алууда.

-Техникалык университеттин материалдык базасы кандай камсыздалган?

-Техникалык университеттин эң күчтүү материалдык базасы болушу керек. Сабак өтүлө турган лабораторияларды жаңыртууга өзгөчө көңүл бурабыз. Азыр компаниялар менен көп иштерди алып барып жатабыз. Мисалы, декабрь айында Самсунг окуу борборун ачканбыз. Андан тышкары, бир несче компаниялар менен келишим түзүп жатабыз.

-Университеттердеги коррупция канчалык жоюлду деп айта аласыз?

-Биз ар бир сессия сайын сурамжылоо өткөзүп турабыз. Мындай иш аракеттер болсо ар бир студент онлайн же оффлайн арызы менен кайрылса болот. Бирок азыр ар бир мугалимге кодекс иштеп чыкканбыз. Мугалим бардык шарттар менен таанышып чыгып кол коет.

-Өзгөчө макам берилгенден кийинки мугалимдердин айлыгы көтөрүлдүбү?

-Азыр мораторий иштеп, үч жылдан бери окуу контрактарын көтөрө албай жатабыз. Биз ички ресурстар аркылуу эле айлык маянасын эки жолу көтөрдүк. Эгер мораторий бүтсө дагы көтөргөнгө аракет кылабыз. Андан тышкары, чет элдик студенттердин санын дагы көбөйткөнгө аракетибизди жумшайбыз. Ал эми чет өлкөдөн келген профессорлорго биздин окуутуучуларга караганда эки эсе көп төлөп беребиз.

Негизи техникалык жана инженердик билим берүү кымбат турат. Муну ата-энелер дагы түшүнүүсү зарыл. Жакшы билим бере турган болсок арзан болбошу керек.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM