Биз менен байланышыңыз

Исхак Масалиев «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери болду

Кыска кабар | 8 мая 2024 | 191 | 0

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кызматын тапшырып, анын ордуна Исхак Масалиев фракциянын лидер болуп шайланды.

Бул тууралуу парламенттин 8-майдагы жыйынында эл өкүлү Гуля Кожокулова маалымдады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүнүн негизинде Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан.

Шаардын Биринчи Май райондук соту 26-мартта Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген эмес.

Соттун маалыматы боюнча, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталган.

Адахан Мадумаров алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюуга айыпталып, «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен камакка алынган.

Кийинчерээк Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, арыз жазган. Бул фактынын негизинде «алдамчылык» беренеси да кошулган.

Адахан Мадумаровду 2023-жылдын 2-сентябрында ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери көчөдө жүргөндө кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM