Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант берди

Кыска кабар | 8 мая 2024 | 209 | 0

Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы шайланып келген депутаттар Бактыяр Калпаев, Илимбек Кубанычбеков,  Бекмурза Эргешов ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Бактыяр Калпаев Баткендеги №2, Илимбек Кубанычбеков Кара-Суудагы №9,  Бекмурза Эргешов №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан шайланды.

Жогорку Кеңештин жаңы үч депутаты «Мекенчил» депутаттык тобунун курамына киришти.

Кыргызстанда жогоруда айтылган округдарда 28-апрелде мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM