Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Чодуевге бир катар тапшырмаларды берди

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 629 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарбасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, кыргыз айыл чарба өндүрүмүн өнүктүрүү жана чет өлкөлөргө экспорттоо, ошондой эле, агрардык өнөр жай комплексин санариптештирүү боюнча чараларды ишке ашыруу иштин артыкчылыгы болуп саналарын айтты.

Ал эми Абылгазиев элеттин эмгекчилеринин министрликтин дарегине айткан сын-пикири жөндүү экенин белгилеп, айыл чарба тармагын реформалоо боюнча таасирдүү механизмдерди иштеп чыгуу үчүн бир катар тапшырмаларды берди.

«Калктын 70% айыл жеринде жашайт дейбиз, демек, айыл чарбасын реформалоо жана агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү жарандарыбыздын көп бөлүгүнүн жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Ыйгарым укуктарды толук кандуу ишке ашыруу үчүн сиздерге бардык шарттар түзүлөт. Силер министрликтин түзүмүн оптималдаштырууну камсыздап,  бардык керексиз кайталанган түзүмдүк бөлүктөрдү жоюп, ошол эле учурда суроо-талап эң жогору багыттарды күчтөндүрүшүңөр керек», — деди өкмөт башчы.

Абылгазиев буга кошумча, Чодуевдин алдында заманбап агрардык технологияларды киргизүү, сугат жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана  дыйкандарды колдоо маанилүү милдеттери турганын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM