Биз менен байланышыңыз

Ошто ак пахтаны сапаттуу өндүрүү боюнча семинар өттү

Кыска кабар | 28 Июл 2019 | 605 | 0

Ош шаарында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевтин катышуусуу менен дыйкандарга таза сапаттуу пахтаны өндүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү жөнүндө семинар уюштурулду.

Семинарга ВСI программасынын Пакистан жана Орто Азия боюнча регионалдык директору Доктор Шафик Ахман, дыйкандарга пахтаны өстүрүүнүн жолдорун, суугаруу ыкмасын, жер семирткичтерди системдүү берүү жөнүндө презентацияларын окуп, кенен түшүндүрмө берди.

Ошондой эле ал пахта таза сапаттуу болсо кыбат баада сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн айтып берди.

Министр Эркинбек Чодуев, дыйкандарга заманбап пахта өстүрүү ыкмаларын үйрөнүп, сапаттуу жана мол түшүм алууга көңүл бурууга мезгил келгендигин түшүндүрүп, натыйжасы жакшы түшүм берерин айтты. Ошондой эле министрлик тараптан да кошумча окутуу, семинарлар жүргүзүлөрүн билдирди.

Иш чаранын аягында дыйкандар суроолорду узатып, жоопторду алышты.

Copyright © 2017 Maral FM