Биз менен байланышыңыз

Министр: Айыл чарбасында «бирдиктүү терезе» киргизилет

Кыска кабар , Пикирлер | 12 мая 2021 | 759 | 0

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралга» берген маегинде мекеменин приоритеттүү багыттарын санап берди.

Министрдин айтымында, алар  – Кыргызстандагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн сапатын жакшыртуу, мал чарбасындагы малдын продуктивдүүлүгүн көтөрүп, асылдуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү.

Санариптештирүүнү киргизүү менен жарандарда кайсы жерде жүрбөсүн, өзүнүн айылдагы үйү, жери, малы тууралуу документтерин алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле  мекендештерге ылайыктуу шарт түзүп берүү үчүн айыл чарбасында «бирдиктүү терезе» киргизилет. Бул элет жарандарынын убаракерчилигин азайтат.

«Андан тышкары биз дүйнө жүзүнө «Кыргызстан — органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн мамлекети» деп жар салдык. Биз муну эң негизги приоритеттерибиздин бири деп жатабыз. Анткени Кыргызстанда чоң-чоң өндүрүш жок, Союз убагындай минералдык жер семирткичтерди көп пайдаланган жерибиз жок. Бул — биздин бүгүнкү күндө органикага кадам таштообузга чоң мүмкүнчүлүк. Дүйнө жүзү климаттык өзгөрүүлөргө абдан чоң көңүл бөлүп жатканда, өз мамлекетибиз турган жердин, элдин мүмкүнчүлүгүн эске алып иш алып барганыбыз эң чоң артыкчылык болот. Органика Кыргызстандын экономикасын алдыга сүрөйт», — дейт министр.

Ал ошондой эле учур талабын эске алып, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу зарылдыгын белгиледи. Мөңгүлөрдүн эришине тоскоолдук кылуунун бир гана жолу бар —  жашыл аянттарды көбөйтүү.

«Министрлик бул багытта иштерди алып барып жатат», — деп кошумчалады Аскарбек Жаныбеков.

Copyright © 2017 Maral FM