Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттүн ичинде аткезчилерди коргогондор бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2021 | 1284 | 0

Чийки айыл чарба азыгын Кыргызстанга импорттоодо кошумча нарк салыгын алып салуу керек. Натыйжада азык-түлүктүн баасы төмөндөйт, ата мекендик өндүрүш өнүгүп, миңдеген жумуш орун пайда болот. Бирок өкмөттүн ичинде аткезчилердин лоббисттери бар. Бул тууралуу мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аткезчилер Кыргызстандагы өндүрүштүн өнүгүүсүнө кызыкдар эмес. Анткени даяр продукциянын импорту токтоп калат.

«Бир эле ундан жылына бюджетке 1 млрд сом түшпөй каларын аныктадым. Калган продукцияларды санап көргүлө… Бул маселени көтөрүп чыксам, өкмөттүн ичиндеги айрым адамдар душмандарга иштеп жаткандай болду. Алар бизге каршы иштеп жатышты. Бир депутат чакырып: «Тилек, аткезчилик жакшы, ал Кыргызстанды өнүктүрөт», — деп айтып жатат. Аткезчилерди коргогон депутаттар толтура», — дейт Токтогазиев.

Ал саясий элита аткезчилердин кызыкчылыгын коргоп жүрө берсе, Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготорун белгиледи.

«200-300 миң сомду казынага төлөбөй туруп, бир фурадан 30 миң сом алып койсо, чек аранын эмне кереги бар? Мамлекеттин саясаты үчүн ишкерлер чыгымга учурап жатат. Кыргыстандык өндүрүүчүлөр продукцияларын өлкө аймагында сата албай жатканда, кайдагы экспорт тууралуу кеп кылабыз?» — дейт Токтогазиев.

Copyright © 2017 Maral FM