Биз менен байланышыңыз

Трикотаж кийимдеринин экспорту 7,3 эсе кыскарды

Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 885 | 0

2021-жылдын январь-февраль айларында тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 800 млн АКШ долларын түздү. Көрсөткүч 2020-жылдын январь-февралына салыштырганда 18,3% га төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Ошол эле учурда экспорт 25,5%га, импорт 15%га кыскарган.

2020-жылдын январь-февралына салыштырмалуу кагаз жана картон экспорту 11,2 эсе, трикотаж кийимдери жана аксессуарлар — 7,3 эсе, булгаары буюмдары — 5,5 эсе кыскарган.

Copyright © 2017 Maral FM