Биз менен байланышыңыз

Мунайзатты экспорттоого тыюу салуу муктаждыкты чечеби?

Кыргызстанда мунайзатына болгон баанын өсүүсү токтой элек. Өлкөдө жыл башынан бери Орусия өндүрүмүнөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өстү. Кымбаттоо 67%ды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келди. Өлкөдөгү мунайзатына болгон таңкыстыктын алдын алуу максатында күйүүчү майларды Кыргызстандан сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды. Мындай токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. 

Күйүүчү майга болгон баанын кымбатташы айдоочулардын нааразычылыгын күчөттү. Такси айдап, үй-бүлөсүн багып келген Асылбек Бекиновдун тапканы учурда майынан ашпай калууда. Ал күйүүчү майдын баасы арзандап турукташпаса, айдоочулар биригип, митингге чыгарын айтты.

«Күйүүчү майдын кымбаттаганы аябай сезилип жатат. Такси айдоо менен акча таап, жан багып жатабыз. Тапкан акчабыз майдан ашпайт. Атайын такси айдоочуларынын Whatsapp тиркемесинде тобубуз бар. Ошол жактан бири-бирибиз менен маалымат алмашып турабыз. Эгерде ушундай нукта кете берсе, митингге чыгууну көздөп жатабыз».

Учурда өлкөдөгү күйүүчү майга болгон муктаждыктын алдын алуу максатында, мунайзатын мамлекеттен сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды. Экономика жана финансы министринин орун басары Эльдар Алишеров ЕАЭБдин алкагында мунайзатынын бирдиктүү рыногун түзүү керектигин, бул чектөө өлкөдө бирдиктүү рынок түзүлгөнгө чейин уланышы зарылдыгын белгиледи.

«ЕАЭБдин алкагында мунайзатынын бирдиктүү рыногун түзүү керек. План боюнча, бирдиктүү рынок 2025-жылга чейин түзүлүп, ишке кириши керек. Ички рынокту мунайзаты менен камтуу үчүн ЕАЭБден сырткары, үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого чектөө киргизилди. Бирдиктүү рынок камтылганга чейин же баалар турукташканга чейин бул чектөө уланат».

Алишеров мындан тышкары күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлүп кеткенин, алдыда дагы болжолдуу түрдө 20%га өсүшү мүмкүндүгүн кошумчалады. Министрдин орун басары мунун себебин Орусиядан экпорттолуп жаткан мунайзатынын токтоп калышы менен түшүндүрүп, учурда бул көйгөй каралып жатканын маалымдады.

«Бүгүнкү күндө Орусиядан экспорттолуп жаткан мунайзат токтоп калды. Бул маселенин чечүү жолдору каралып жатат. Баасы болжол менен 20%га көтөрүлүшү мүмкүн. Ата мекендик өндүрүштөгү мунайзат чыгарган заводдорду сырьё менен камсыздоо максатында бир топ пландар каралууда».  

Ал эми Мунай сатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатовдун айтымында, өлкөдө мунайзатына болгон муктаждык жок.

«Бизде мунайзатына болгон муктаждык жок. Кээ бир компаниялар сатып алып, кымбаттагандан улам сата албай жатышат. Ал эми ири компаниялардын сатуусу мурдакы нукта уланууда. Өкмөттүн токтомуна кайрылсак, мурда эле бул токтом ишке кириши керек болчу. Кыргызстанга келген мунайзатынын көп бөлүгүн Орусиядан экспорттолгондор түзөт. Орусия менен ортобузда келишим бар. Ошол келишимдеги пунтка ылайык, келген күйүүчү майларды сыртка чыгарууга болбойт». 

Экономика реформалары боюнча эксперт Кайрат Итибаев көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштады:

«Өзүбүздөгү күйүүчү майларды өндүрүү керек. Аны өндүрүү үчүн атайын 9 ишкана бар. Нефтини иштетүүчү заводдордогу чийки заттарды көбөйтүп, аларды кайра иштетип чыгуу керек. Бир гана Орусияны карабастан, Казакстан, Азербайжан, Иран жана Түркмөнстандан ташыса болот. Аткезчилик менен сыртка чыгарылып жаткан мунайзатын көзөмөлдөө күч органдары, чек ара кызматкерлери тарабынан күчөтүлүшү керек».

Убактылуу чектөө Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөр ортосундагы ташууларга тиешелүү эмес. Өкмөт башчынын токтомуна ылайык, жарандардын жеке колдонуусу үчүн унаа багына куюлган жана өзүнчө алынып бараткан 20 литрден көп эмес көлөмдөгү күйүүчү майды алып өтүүгө уруксат берилет. Мунайзатын мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюу милдети Мамлекеттик бажы кызматына, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына, Чек ара кызматына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине жүктөлдү. Аталган токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.

Күйүүчү май дагы 8 сомго кымбатташы мүмкүн

Copyright © 2017 Maral FM