Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү май дагы 8 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда мунайзатына болгон баа жума сайын көтөрүлүп жатат. Өлкөдө жыл башынан бери Орусия өндүрүмүнөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өстү. Кымбаттоо 67%ды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизелдин тоннасы 360 доллардан 470 долларга, тактап айтканда, 14%га көтөрүлгөн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов бүгүн, 1-мартта өткөн маалымат жыйында билдирди.

Эшатовдун айтымында, буга дүйнөлүк базарда жана Орусияда күйүүчү майдын кымбатташы, Казакстандан мунайдын экспорту токтогону себеп болууда.

«2020-жылга салыштырмалуу жыл башынан бери Кыргызстандагы девальвациянын көлөмү 21%га өстү. Бул — КМШдагы эң чоң көрсөткүч. Бизде сатылган товардын 80%дан ашыгы импорттолуп жатат. Ушундан улам күйүүчү майдын баасы өсүүдө. Мунай ташуучулар биримдиги абалды жөнгө салуу үчүн болгон запасын колдонууда. Бирок баары бир баанын өсүшүнө, сомдун кунунун түшүүсүнөн келип чыккан кымбаттоого бөгөт коё албай жатабыз». 

Кыргызстанга күйүүчү май Орусия жана Казакстандан ташылат. Мунай ташуучулар биримдиги билдиргендей, январь айынан тартып ушул мезгилге чейинки аралыкта дүйнөдө күйүүчү майдын баасы 67%га көтөрүлдү. Март айында дагы 8 сомго кымбатташы мүмкүн.

Күйүүчү майга баа жума сайын өсүп жатат.

«Баанын өсүшү Орусия заводдорундагы баага байланыштуу. Заводдо баа акыркы эки айда 67 пайызга өстү. Андан тышкары 2021-жылдын башында Казакстан Кыргызстанга бензинди экспорттоого тыюу салды». 

Азыр Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сомдон дээрлик жогору, АИ-80 37 сомдон болууда. Ал эми дизель 39 сомдон сатылып жатат.

 Экономист Темирбек Ажыкуловдун айтымында, Кыргызстандагы баанын өсүшү толугу менен Орусиянын ишканаларынан көз каранды. Бул дайыма ушундай болуп келген. Дүйнөдө мунай арзандаса да, бизде арзандабайт.

«Күйүүчү май Орусиядан доллар менен алынат. Негизи биздики дүйнөлүк эски баага көп деле байланбайт, тилекке каршы! Баа арзандап, 20 долларга түшүп кеткен убакта деле, биздеги бензиндин баасы түшкөн жок да. Ошондуктан баары толугу менен ошол Орусиянын заводдорунун жүргүзгөн саясатына көз каранды. Бул нерсе өкмөттүн карамагында чечилүүчү маселе болуп саналат. Эмнеси болсо да бул базарга жана жеке ишканалардын ишине көз каранды. Азыр баанын көтөрүлүү себебин, так жообун айтуу кыйын. Анткени долларга байласак, былтыркы күздөн бери эле доллар тынымсыз көтөрүлүп келет, а күйүүчү май эми көтөрүлүп жатпайбы. Мында саясат эмес, экономикалык маселелер кеп болууда».

Статистикага караганда, өткөн жылдын ноябрь айында АИ-95 бензини 36 сом 3 тыйындан, АИ-92 бензини 31 сом 7 тыйындан, дизель 33 сом 17 тыйындан сатылган.

Учурда бензиндин баасы борбор калаада башка аймактарга салыштырмалуу арзаныраак. Бирок Лейлек, Баткен райондорунда күйүүчү майдын баасы 59 сомго чыкканы, бензин тартыштыгы пайда болгону айтылды. Эксперттер жана дыйкан-фермерлер мындай көрүнүштүн алдын албаса, аймактардагы жазгы талаа иштерине кедерги тийгизиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM