Биз менен байланышыңыз

Өткөн жумада 10дон ашуун айыл чарба товары экспортко чыгарылды

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1436 | 0

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери бир жуманын ичинде республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 26-мартынан 2-апрелине чейин 10 миң 393 тонна 600 килограмм айыл чарба өндүрүмү экспортко чыгарылган.

ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон өндүрүмдүн үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери каралды.

Copyright © 2017 Maral FM