Биз менен байланышыңыз

Тажикстан азык-түлүктүн айрым түрлөрүн экспорттоону токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 815 | 0

Тажикстандын Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабы тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүн экспорттоону убактылуу токтотуу боюнча чечим кабыл алганын «Азия-Плюс» жазды.

Дан эгиндеринин, ундун жана буудайдын, күрүчтүн, жумуртканын, картошканын жана эттин бардык түрлөрүнүн экспортуна убактылуу тыюу салынды. Тыюу ушул жылдын 25-апрелинен тартып белгисиз мөөнөткө чейин колдонулат.

Расмий статистика боюнча, өткөн жылы 27 млн ​​долларга жакын суммадагы жемиштер жана жашылчалар чет өлкөгө жеткирилген, бул өлкөнүн жалпы экспортунун 2,3%ын түзөт.

Мындан тышкары, даяр тамак-аш азыктары дээрлик 5,1 млн. доллардык экспорттолгон, анын экспорттогу үлүшү 0,4 %ды түзөт.

Мындан тышкары, мал чарба продуктулары (эт, сүт жана сүт азыктары, жумуртка жана башкалар) 999 миң доллар өлчөмүндө (экспорттогу үлүшү 0,1%) чет өлкөлөргө экспорттолгон.

Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган майлар 129 миң доллар көлөмүндө экспорттолгон (жалпы экспорттун 0,01%ды түзөт).

Ошентип, Тажикстандан азык-түлүк товарларын экспорттоонун жылдык көлөмү 33 миллион доллардан ашык каражатты түздү жана бул өлкөнүн экспорттук түзүмүнүн 2,8%ын гана түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM