Биз менен байланышыңыз

Ошто жакыр үй-бүлөлөргө ун таратылууда

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 290 | 0

Ош шаарында жакыр үй-бүлөлөргө ун таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын калкынын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан 2827 мүшөк (141,35 тонна) ун бөлүнгөн.

Учурда 7 муниципалдык аймактагы жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бир мүшөктөн ун берилди.

Тизмени тактоо жана таратуу боюнча ар бир муниципалдык аймакта комиссия түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM