Биз менен байланышыңыз

Материалдык резервден Ош шаарындагы 1000 үй-бүлөгө ун таратылууда

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 630 | 0

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Ош шаарына 130 тонна (2600 кап) ун бөлүнүп, атайын түзүлгөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссия тарабынан бөлүштүрүлүүдө.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 5-апрелде жардамдын алгачкы партиясы, 50 тонна ун, шаардагы 605 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана 395 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таркатылууда.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жардамдын берилишин көзөмөлгө алып, биринчи бөлүгүндө 1000 (миң) үй-бүлөгө берилерин билдирди.

— Калган 80 тонна ун дагы аярлуу муктаж болгон үй-бүлөлөргө таркатылып берилет. Ошондой эле, демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүү үчүн мэрияда атайын эсеп ачылган. Бул эсепке мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар, жеке ишкерлер салымдарын кошуп жатат. Бүгүнкү күндө бул эсепке 3 млн. сомдон ашык акча түштү, — деди шаар мэри.

Мындан сырткары, Сарыбашов шаардын ишкерлери, активдүү жарандары, кайрымдуулук фонддору аркылуу жардамдар көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Анын ичинен 46,4 тонна ун, 1 тонна макарон, 1,8 тонна өсүмдүк майы, жарым тонна күрүч аз камсыз болгон жарандарга жеткирилди. Ал эми, медициналык жана милиция кызматкерлерине, санитардык-карантиндик посттордо тургандарга медициналык каражаттар берилип, ысык тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыз болууда,-деди Сарыбашов.

Copyright © 2017 Maral FM