Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек ара өткөрмө пункттары убактылуу жабылат

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 1062 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында адамдарды жана унаа каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мындан улам:

— Кыргызстандын жарандары, Казакстандын аймагында болсо жана Казакстандан чыкканы жатса, Казакстандын жарандары Кыргызстанда болсо жана Кыргызстандан чыкканы жатса, «Чоң-Капка-автожол» – «Айша биби-автожол», «Ак-Тилек-унаажол» – «Карасуу-автожол» өткөрүү пункттары аркылуу гана кете алышат.
—  Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат.
—  Айыл чарба продукциялардын, тамак-аш азыктардын, эл керектөөчү товарлардын жүктөрү Кыргызстандан Казакстанга жана Казакстандан Кыргызстанга эки багытка тең чектөөсүз, ошондой эле транзиттик жүктөрдү ташуу «Ак-Тилек-автожолу» жана «Чоң-Капка-автожолу» өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.

— Темир жол жүк курамдарын өткөрүү «Кайыңды-темир жол» өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат.

Copyright © 2017 Maral FM