Биз менен байланышыңыз

Ош: Муктаж үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө азык-түлүк жеткирилүүдө

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 624 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен вагондо күн кечирип жаткан эне балага ун, азык-түлүктөр жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мэр вагондо жашап жаткандарга азык-түлүк, кийим-кечеден такай жардам көрсөтүлүүсүн өз көзөмөлүнө алды. Аларга кайрымдуу жарандар да азык-түлүктөн жардам көрсөтүп турушат.

Шаар мэри азыркы абалда шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга, кароосуз калган жарандарга азык-түлүктөн жардам көрсөтүү тапшырмасын берген.

Бүгүн, 2-апрелде вице-мэр Жасур Азимов демөөрчүлөр менен бирге ондон ашуун муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирди. Ал эми Южный кичи районундагы муктаж үй-бүлөлөргө 84 кап ун таратылды.

Мындан тышкары жеке ишкерлер шаардагы муниципалык аймактык башкармалыктар менен биргеликте азык-түлүктөн көмөк көрсөтүү иштерин улантышууда.

Copyright © 2017 Maral FM