Биз менен байланышыңыз

Пандемия мал, эт, сүт, бал жана балыкты экспорттоого жаңы рынок ачты

Кыска кабар , Экономика | 5 Авг 2020 | 1352 | 0

Пандемияга байланыштуу ар кандай чектөөлөрдөн улам, Кыргызстандын сырткы өлкөлөр менен товар алмашуусу былтыркы жылга салыштырмалуу 22,7 % га төмөндөдү.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулунун «Маралга» берген маалыматына караганда, экспортту өстүрүүдө кайра иштетилген продукцияларды сактоо тартиби жогорку деңгээлге коюулса,  продукцияларды чоң көлөмдө экспорттого шарт түзүлүп жатат.

Жакшы сакталбаган продукцияларды экспорттоодо чек ара өткөрүү бекеттеринен өткөрүүдө маселелер жаралат.

  • Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы өлкөлөр менен товар алмашуусу 2 млрд 125 млн 800 миң долларды түздү. Пандемияга байланыштуу ар кандай чектөөлөрдөн улам, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 22,7 % га төмөндөдү.
  • Ал эми экспорттун көлөмү 765 млн долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1,3%га жогорулады.  Импорт болсо, 1 млрд 360 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 32%га төмөндөдү.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Кыргызстандын өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-майында 927,4 млн. долларды түздү. Бул 2019-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 11,9 пайызга төмөн.

Биримдикке мүчө мамлекеттер менен өз ара соодалашуунун эң чоң үлүшү Орусияга (68,4 %) жана Казакстанга (29,6 %) туура келет. Экспорт боюнча негизги үлүштү Орусия 52,8% жана Казакстан 45,2%ды түзөт. Беларусия 2%ын ээлеген. Ал эми импорттун 72,5 пайызын Орусия, 25,5 пайызды Казакстан, 1,8 пайызды Беларусь жана 0,2 пайызды Армения түзөт.

Экпорттун көлөмүнүн өсүүсүнө бодо малдарды сатуу себеп болгон. Пандемиядан кийинки үч айдын ичинде 8800 бодо мал сатылган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2400 башка көп. Алар негизинен Орусияга, Казакстанга, Сауд Арабияга, Өзбекстан, Тажикстанга экспорттолгон.

Пандемияга байланыштуу эт азыктарына болгон суроо- талап жогорулаган. Ошондой эле эт азыктарын учак менен эспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлүп, Бириккен Араб Эмираттарына муздатылган этти экспорттоо ишке ашырылып, жаңы деңгээлге чыкты.

Ошондой эле жаңы бир тармак катары форель балыгын жана тоңдурулган форелди экспорттоого чоң рынок ачылды. Ушул жылдын беш айында 500 миң долларлык продукциялар экспортолду. Мынлан тышкары, кургатылган жер жемиштер жана жашылча жемиштер көп экспорттолгон.

  • Кайра иштетилген азыктардын арасында лидер катары сүт азыктары экспорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 35, 8%га жогорулап, 7940 тонна сүт чет өлкөгө сатылган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1960 тоннага көп. Жалпысынан кайра иштетилген продукция 17,6%га жогорулаган.

Пандемияга байланыштуу балды экспорттоонун жогорулагандыгын да көрүүгө болот. Эл арасында балга суроо-талап жогорулап, экспорттоого шарт ачылды.

Чек аралардын жабылганына карабастан, беш ай ичинде кеминде 500 миң долларлык бал экспорттолду. Өткөн жылдын ичинде 900 миң долларлык бал чет өлкөлөргө чыгарылган.

Негизинен ушул жылдын алгачкы 5 айында айыл чарба азыктарын экспорттоо өзүнүн жогорку көрсөткүчтөрүн көрсөттү.

  • 2020-жылдын алгачкы 5 айында Казакстандан 94,7 миң доллар өлчөмүндө алтын импорттолсо, Улуу Британияга 413,330 доллар (7973946,2 грамм) экспорттолгон.

Жеңил өнөр жай тармагы пандемияга байланыштуу өзүнүн иштөө структурасын өзгөрттү. Пандемияга чейин кийим-кече тигип келишсе, азыр беткап жана коргонуучу каражаттарды тигип, биринчи кезекте ички рынокко чыгара башташты.

Copyright © 2017 Maral FM