Биз менен байланышыңыз

Министр: Баткендеги чек арага жакын жайыттар да трансформация болот

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2022 | 807 | 0

Айыл чарба министрлиги сунуштаган оту качкан жайыттарды 20 жылга ижарага берүү мыйзамы өтө чоң мааниге ээ. Министрлик эсептеп чыгып, 476 миң гектар жайытты ушундай категорияга кошкон. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 9 миллион 4 миң гектар жайыт бар. Анын 40%ын аска-зоолор түзсө, калган 60%ы, тагыраагы, 5,5 миллион гектар жер жайытка пайдаланууга жарайт. Бирок анын ичинде мал жайганга болбогон таштак, суу жетпеген какыр жерлер да бар. Алардын көпчүлүгү Баткен облусундагы чек арага чектеш айылдардын жери болуп саналат. Ал жерлерди өздөштүрүүгө уруксат берилсе, жергиликтүү дыйкандарга жакшы шарттар түзүлөт.

Мындан сырткары министр 20 жылга чейин ижарага берүү артыкчылыктарына токтолду.

«Баткендеги чек арага жакын жерлерди, тагыраагы, оту качкан жайыттарды трансформация кылсак, жергиликтүү дыйкандардын жашоо-шартын оңдоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгерде ижарага 2 жылга эле бери койсок, анда дыйкандар бак да отургузбайт, суу да чыгарбайт. Биз былтыркы коогалаңдан кийин ал жердеги жашоону көрдүк. Ошондуктан бул долбоордун негизги максаты баткендиктердин жашоосун жакшы нукка өзгөртүп, колдоо көрсөтүү болуп саналат. Тобокелдик болбойт», — деди Жаныбеков.

Белгилей кетсек буга чейин аталган документ коомдук талкууга чыгарылып, Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн. Анда ар кандай пикирлерди жаратып, тобокелчиликтери да айтылган. Азыркы тапта мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM