Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан айыл чарба багытында кайсы өлкөлөр менен кызматташа алат?

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2021 | 1232 | 0

Айыл чарбанын деңгээлин өнүктүрүү үчүн Кыргызстан Монголия, Түштүк Корея, Түркия, коңшу мамлекеттер, Араб өлкөлөрү менен кызматташууга артыкчылык бериши керек. Мындай пикирин мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Монголияда мал арзан. Аны Кыргызстанга ташып келип, жергиликтүү рынокто эттин баасын туруктуу кармоого мүмкүнчүлүк бар.

Түштүк Корея айыл чарбасын өнүктүрүүдө эбегейсиз тажрыйбага ээ. Түркияда болсо атайын насыялык кооперативдер бар, алар менен келишим түзүп, Кыргызстанга арзан баада айыл чарба техникаларын алып келүүгө болот. Ал эми Араб өлкөлөрүнө этти экспорттого шарт бар.

Ал үчүн Кыргызстанга инвесторлорду тартууда жакшы шарттарды түзүү зарыл. Күч органдарды жана башкалар кысымга алгандыктан, өлкөдөн инвесторлор чыгып кетүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM