Биз менен байланышыңыз

Эркинбек Чодуев Дыйканчылык илим-изилдөө институтундагы маселелерди чечүүнү тапшырды

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 743 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Дыйканчылык илим-изилдөө институтунун абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Дыйканчылык илим-изилдөө институтунун директору Нурудин Карабаев кызматкерлердин айлык акысынын өтө төмөндүгүгүнөн жаш кадрлардын ишке келбей жаткандыгын, илимпоздордун көпчүлүгү 65 жаштан жогорку курактагылар экенин билдирди. Ошондой эле станцияларындагы жер маселеси, бөлүмдөрдүн тажрыйба жасоочу техникалык шаймандардын жетишпестиги тууралуу көйгөйлөр айтылды.

Белгилей кетсек, Дыйканчылык илим-изилдөө институту буга чейин К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин карамагында болгон. 2018-жылдын аягында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өткөрүлүп берилген. «Көйгөйдүн жаралуусунун бирден бир себеби — ушунда», — дешти институттун кызматкерлери. 

Министр айтылган маселерди угуп жана аны чечип берүү үчүн министрликтин тиешелүү кызматкерлерине тапшырма берди.

Copyright © 2017 Maral FM