Биз менен байланышыңыз

Чодуев: Айыл чарбасын колдоого 525 млн сом насыя берилди

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 685 | 0

«Айыл чарбасын каржылоо — 8» программасынын алкагында жеңилдетилген насыяларды берүү иштери жүргүзүлүүдө. «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу 525 млн сом суммасындагы насыялар берилди.  Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Эркинбек Чодуев билдиргендей, азыр банктар иштеп жатат жана фермерлер насыя алууга кайрылса болот.

Ошондой эле ал, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорацияга байланыштуу бардык суроолор үчүн 0(701) 88-10-08 күнү-түнү ыкчам байланыш номери иштей турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM