Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлиги ассоциациялар менен биргеликте иш алып барат

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 616 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, көз карандысыз эксперттер жана «Аталык Групп» ЖАК ишканасынын директору, «Кант-Сүт» ЖЧК ишканасынын жетекчиси жана башка ишкерлер тобу менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тарап айыл чарба багытында: мал чарбасын асылдандыруу, үрөнчүлүк чарбалардын сапатын жогорулатуу, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчү ишканалардын ишин жакшыртуу, жеке чарбаларды ирилештирүү аркылуу экспорттоо, ошондой эле, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча ассоциация түзүп, министрлик менен биргеликте айыл чарбасын өнүктүрүүнү талкуулашты.

Министр айыл чарба багытында иштеген ишкерлерге, ассоциацияларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, биргеликте иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, квартал сайын ассоциациялар менен министрликте кеңешме өткөрүп, көйгөйлөрдү талкуулап, биргеликте чечүүнү сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM