Биз менен байланышыңыз

Министр Чодуев 1 млн долларга алдамчылык кылган деп айыпталууда

Кыска кабар | 15 Авг 2019 | 607 | 0

Жалал-Абаддагы “Коттон Оушен” компаниясынын директорунун милдетин аткаруучу Замира Ибрагимова айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев алдамчылык жол менен бир миллион АКШ доллар акчаны өзүнө кымырып алганын айтып чыкты.

Бул тууралуу ал бир канча маалымат каражаттарына билдирди. “Мен бул министрдин алдамчылык амалына кабылгам. 2007-жылы аталган компаниянын директору Эркинбек Чодуевге пахта даярдоо үчүн 1 миллион 500 миң доллар акча берген. Анда Чодуев “Лиматекс пахта корпорациясынын” директору болгон. Келишимдеги милдеттер аткарылбай Чодуев акчаны кайтарып берген эмес«, — деп билдирген.

Ал ошондой эле учурда иш кайра каралып баштаганын билдирди.

Биздин бир катар кайрылууларыбыздан соң, ишти Ички иштер министрлигинин Башкы Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда бухгалтериядан тийиштүү документтер алынып, тергөө иш чаралары жүрүүдө”, — деп кошумчалайт Замира Ибрагимова.

Өз кезегинде айыпталып жаткан министр Эркинбек Чодуев бул факт боюнча 2011-жылы февраль айынан бери тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөнүн айтты.

Анын жыйынтыктары боюнча Жогорку Соттун токтому чыгып, ага ылайык Ош облусунун райондор аралык сотунун «Коттон-Оушен» ЖЧКсынын доо арызынын канааттандырылбагандыгы жөнүндөгү чечими күчүндө калтырылган. Документ боюнча «Коттон-Оушен» ЖЧКсынын аткаруучу директору Фируза Ибраимова болуп саналат. Анын өзүнө карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Аны тастыктаган документтер кошумча берилет«, — дейт министр. Чодуев ага карата каралоо жүрүп жатканын айтып, мунун артында тургандарды сотко берерин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM