Биз менен байланышыңыз

Таласта чек ара кызматкерлери жаӊы батирлүү болушту

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 416 | 0

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 26-мартта Талас облусундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын 2029-бөлүгүнө барып, андагы кызматкерлерге жаӊы курулган көп кабаттуу үйдүн ачкычын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Төрага чек арачылар менен алардын үй-бүлөлөрүн жаӊы батирлүү болушу менен куттуктап, азыр мындай турак жайлар ордо калаада эле эмес, өлкө аймактарында да курулуп жатканын, анын бир мисалы ушул Таласта курулган көп кабаттуу үй экенин белгиледи.

«Чек арачылардын жумушу оор, кыйла кооптуу, бирок алардын күжүрмөн аракетинин аркасында биз туруктуу жагдайда жашап келебиз. Силер Кыргызстанда тынч абалдын туруктуулугу үчүн өз өмүрүӊөрдү тобокелге салып жатканыӊарды жакшы билебиз. Күч органдары, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн турак-жай куруу салты мындан ары да улана турганына тереӊ ишенем», — деди Дастанбек Жумабеков.

Төрага Дастанбек Жумабеков Мамлекеттик чек ара кызматкерлерине жаӊы батирлердин ачкычын, ошондой эле балдар аянтчасынын курулушу үчүн 100 миӊ сомдук сертификат тапшырып, чек арачыларга бакубат турмуш каалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM