Биз менен байланышыңыз

Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдар Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 27 Апр 2024 | 272 | 0

«Эне-балага тирек» кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында Кытайда жүрөгүнө операция жасалган 10 бала Кыргызстанга кайтып келди.

Балдарды «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, «Эне-балага тирек» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, тууган-туушкандары жана достору тосуп алышты.

Тубаса жүрөк кемтиги бар балдар жакындары жана дарыгерлер, хирургдар тобу менен бирге ушул жылдын март айынын башында Кытайга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM