Connect with us

Алиев: Кыргызстанда 6900 сомдон төмөн пенсия алган жаран жок

Кыска кабар | 27 Ноя 2024 | 300 | 0

Кыргызстанда 6900  сомдон төмөн пенсия алган жаран жок экенин парламенттин 27- ноябрдагы жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактыяр Алиев айтты.

Депутат Эмил Токтошев Кыргызстандагы эң төмөн пенсия канча экендигин сураган.

Бактыяр Алиев өлкөдөгү эң төмөн пенсия 6900 сом экендигин айтты.

«Мыйзам боюнча 1-октябрдан тарта эң төмөн пенсияны 6900 сомго жеткирдик. Кыргызстанда аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат» , — деди ал.

Депутат Токтошев 6900 сомдон төмөн пенсия жок экендигин тастыктоону өтүндү.

«Өлкөдө 6900 сомдон төнөн алган жаран жок. Бирок психикалык станционарларда жаткандар, абакта отурган жарандарга пенсиянын базалык бөлүгү төлөнбөйт. Ал жерден чыккандан кийин базалык бөлүк толук төлөнө баштайт. Ошондой эле үчүнчү топтогу майыптыгы бар жарандарга 58 жашка чыккандан кийин пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт» , деп түшүндүрдү Соцфонддун төрагасы.

Депутаттар жети миң сом бир пенсионердин бир айлык жашоосуна жетпей тургандыгын, Социалдык фонд пенсияны көтөрүү боюнча мыйзам долбоорлорун жазып, ар кандай демилгелерди көтөрүү керектигин айтышты.

Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө өлкө калкынын 11%ы пенсионер.

Соцфонддун 2024-жылдын 1-январындагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 769 миң адам пенсия алат. Пенсиянын орточо өлчөмү 9 188 сомду түзөт. Алардын 400ү 50 миң сомдон көп пенсия алат. Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9188 сом.

Copyright © 2017 Maral FM