Биз менен байланышыңыз

Сулайман-Тоодо жер тилкелер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен

Кыска кабар | 27 Апр 2024 | 140 | 0

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КР жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратударан билдиришкендей, текшерүүдө Ош шаарынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, укук берүүчү документ болуп саналбаган кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине караштуу өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагындагы 6 818 чарчы метр жер аянтына жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын «Ж-Ж.» ЖЧКсынын наамына мыйзамсыз жасап берилгендиги аныкталган.

Жер тилкенин наркы 204 млн 540 миң сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү жагы Ош ШИИБнын Тергөө кызматына тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM