Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тиешелүү чечимге ылайык, үч райондун акимдеринин орун басарлары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кызматтан бошотулгандар:
- Жетенбаев Кайрат Рахымбаевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин орун басары кызматынан бошотулду.
- Мурсалиев Акылбек Рыскелдиевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
- Дүйшембиев Адилет Керээзбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
- Ташбалтаев Абдирашит Каримович Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Ал эми Жумабеков Жалын Самудинович Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.