Биз менен байланышыңыз

Жумабеков дарыканаларды кыдырып, аларды эл үчүн иштөөгө чакырды

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 908 | 0

Бүгүн, 8-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарындагы айрым дарыканаларды кыдырып, аларда сатылып жаткан дарылардын наркынан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Дастанбек Жумабеков илдеттен пайдаланып, дарылардын баасын негизсиз кымбаттаткандар жазаланарын айтып, мындай бирдиктүү күрөшкө дарыканалар да жигердүү катышып, калкка жардам бериши керектигин кошумчалады.

Муну менен катар «Илдетти биримдик жана ынтымак жеңебиз»,- деген Дастанбек Жумабеков дарыканаларды эл үчүн иштөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM